Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесинде саат 10.50 чамаларында он минуттук ок атышуу болду. Бул тууралуу чек ара кызсматы билдирди.

Тескей деген аталыштагы аймакка тажик тараптан келишип, кыргыз тарап кайтарып жаткан аймактан алыс кетүүсү талап кылган тажик күч органдарынын катарына дагы адамдар кошулган.

Ок атышууда кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок.

Буга чейин чек арада жайгашкан эки райондун бийлик өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп, чек арадагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо багыттарын талкуулашканын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

9-мартта Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Тумба жерлигинде өткөн жолугушууга Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегациялар катышты.

Акимчиликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, алар «чарбалык-ирригациялык, эки элдин ортосундагы ынтымакты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды, жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө чыр-чатактарды болтурбоо, чагымчыл чакырыктарга алдырбоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү» маселелерин талкуулашты.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.