“Дарбазадан ары чыгарып салгыла!”: Бейшеналиев Исманкуловду кууп чыкты

 Министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №2 ооруканага (мурдагы №6 оорукана) барган. Алмазбек Исманкулов бул оорукананын Байтик баатыр менен Жантөшов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имаратында жеке клиникасын иштетип келет.

“Эгерде Алмазбек Исманкулов жабдыктарын 2 күндүн ичинде алып чыгып кетпесе, анда аны өзүм сыртка ташып чыгам”,- деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Буга чейин министр ага телефон аркылуу байланышып ишин тапшыруусун талап кылып, ага үч саат берген видеосу тараган.

Алмазбек Исманкулов министрдин мындай кадамдарына эмне түрткү болгону болгону тууралуу комментарий берген жок.