Султанбай Айжигитов, депутат: Жайыттар деградация болуп жатканда элдин мойнуна илип коюш үчүн берген

Жайыттарды мамлекеттик деңгээлде рейдерлик басып алуу аракет башталды. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов комитет жыйынында билдирди.

Жогорку Кеңештин комитетинде Айыл-чарба министрлиги 243-токтом боюнча маалымат берип жатат.

Султанбай Айжигитов, 2007-жылы 243-токтомдун бир бөлүгү менен эч кандай сынаксыз эле менчикке жайыттар берилет. Дагы 2008-жылы чыккан 306-токтомдун негизинде жайыттардын “деградация” болду негиз менен менчиктештирүүгө укугу бар. Жайыттар деградация болуп жатканда элдин мойнуна илип коюш үчүн берген. Булар (бийлик) эч нерсе кылгысы келбейт.

Эми кайрадан жайыттар кичинеден оңолуп келе жатканда кайрадан тартып алабыз деп жатышат. Силер эмне 30 жылдан бери жайыттардын деградацияга учураганын көрбөй жатасыңарбы? Сокурсуңарбы силер?! Силер сонун эле көрүп тургансыңар, тенденциясынан бери билчүсүңөр!  Себеби, бул жол бирден-бир жолу рейдерлик жер басып алуу. Банкроттук абалга алып келип басып алгандай эле, жерди деградацияга алып келип, менчикке бергени даярдап жатасыңар! Бул кадимки мамлекеттик деңгээлдеги рейдерлик механизм”— деди.

Депутат ошондой эле, Баткендеги какыраган жерлерди мисал келтирип, ал жерди эч ким ала турбагандыгын билдирди. Бул жерде мамлекеттин суверенитетине балта чаап жатасыңар. Такыр башка жакка кетип жатасыңар.

“Мына кредит берилип жатат, болгон 9 паызды эбак эле бөлүштүрүп койгонун да кошумчалады.

Айыл-чарба министрлиги болсо 243-токтом 2007-жылы кабыл алынган. Максаты мамлекеттик фонддун карамагындагы жерлерди иштетүү экенин түшүндүрдү.