Нарында 66 жаштагы жарандын сөөгү аты менен бирге саздан табылды

Нарында издөөгө алынган 66 жаштагы жарандын сөөгү 4-мартта саздан табылды. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ал Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын Э.Т. аттуу тургуну болгон. Туугандары аны 24-февралда үйдөн ат минип чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айтып, 28-февралда ӨКМдин куткаруу кызматына кайрылган.

Жумгал райондук №43 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, туугандарынын көрсөтмөсү менен Жумгал суусунун жээктеринен издөө ишин жүргүзүшкөн.

“4-март күнү аталган жарандын сөөгү саздан табылып, куткаруучулар жарандын жана минген атынын жансыз денесин саздан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматта.