Коронавирус 16 адамдан аныкталды, эки киши каза болду

Кыргызстанда 6-мартка карата коронавирус 16 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 11, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 46 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 150 бейтап, амбулатордук түрдө 293 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 631 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 646 киши айыгып чыкса, 2 миң 965 адам каза болду.