Кыргызстандын WhatsApp группаларында “Кумтөр голд компани” ойнотуп жаткан маалымат калп

Бир нече күндөн бери Кыргызстандын WhatsApp группаларында “Кумтөр голд компани” атайын акция өткөрүп жатат деген билдирүүлөр таратылууда.

Анда компания өзүнүн 30 жылдыгына карата акция өткөрүп, суроолорго туура жооп берген колдонуучу 10 миң сом утуп алат, деп жазылган.

“Алдамчылар биздин компаниянын атын жамынып, элди алдап жатышат. Өзгөчө белгилеп кетебиз, учурда компания эч кандай акция жана лоторея өткөргөн жок. WhatsApp аркылуу таратылып жаткан билдирүүнүн “Кумтөр голд компаниясына” эч кандай тиешеси жок”, – деп компаниянын Facebook’тагы расмий баракчасында жазылган.

Компания таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт, бул фейк деп маалымдады.