ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда

ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Алсак, ИИМдин кызматкерлери мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул Жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 05 at 11.28.04 1 ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда


Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында куру намыска алдырып, бири-бирине атаандашып, ысырапкерчиликке жол берилип, ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келген учурлар көп болгон.

WhatsApp Image 2022 03 05 at 11.28.04 2 ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда


Бул маселени эске алуу менен ИИМдин ЭММКАКтын жана аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында калк маркумду коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болуп жаткандыгын, ал тургай мындай шаан-шөкөт салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жаткандыгын айтышты. Мындан тышкары үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол бербөө маселеси кеңири талкууланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берилди.   

WhatsApp Image 2022 03 05 at 11.28.04 ИИМдин кызматкерлери ысырапкерчиликти алдын алуу максатында эл менен жолугушууда
ИИМ эл арасында ысырап боюнча иш жүргүзүүдө

 
Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар Президенттин бул Жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Президенттин Жарлыгын элге туура жеткирүү максатында ушундай иш-чараларды уюштуруп, Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы