Равшан Жээнбеков «Next TV» телеканалынын директорунун кармалышы боюнча: “Ээси менмин да, мени кармагыла”

Равшан Жээнбеков «Next TV» телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин кармалышы боюнча билдирүү жасады.

Жээнбеков УКМК телеканалды жабуу үчүн ага бир нече ай бою басым кылганын айтат.

«Акыры себеп табышты. Эфирди өчүрүп, директор Таалай Дүйшөнбиевди кармашты. Камчы (Ташиев), бул жерде Next TV’нын директорунун эмне тиешеси бар? Ээси менмин да, мени кармагыла», — деп жазды саясатчы.

Эске салсак, 3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT телеканалына «улуттар аралык кастыкты козутту» деген негизде кылмыш иши козголгонун билдирген. Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон.

Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деген жыйынтык чыгарды.