Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери опузалап пара
алуу фактысы боюнча кармалды.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда, кечээ, 2-мартта УКМК менен Ош ОИИБдин Ички иликтөө кызматы 20
000 сом пара алып жаткан жеринен милициянын подполковниги Б.Т.А.ны кармашкан.
Б.Т.А. ишкерден маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган. Ага Кылмыш-жаза
кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ал тергөө абагына киргизилди