Нарында милиция кызматкерлери элге ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин эскертишүүдө

Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жарлыгынын негизинде облус аймагындагы шаар-райондордо, айыл аймактарда казыят, дин кызматкерлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды уюштурушуп, маркумду акыркы сапарга узатууда, маркумду эскерүү иш-чараларын, тойлорду өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштериш жүргүзүшүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 15.00.01 1 Нарында милиция кызматкерлери элге ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин эскертишүүдө

Мындан тышкары милициянын көчмө кабылдамасы менен тартип сакчылары жергиликтүү айыл тургундары менен жолугушууларды өткөрүшүп, ар кандай салтанат тойлорду өткөрүүдө, каада-салттарды, үрп-адаттарды карманууда ашыкча чыгымдарга, ысырапкерчиликке барбоо боюнча түшүндүрүүдө.

WhatsApp Image 2022 03 04 at 15.00.01 2 Нарында милиция кызматкерлери элге ысырапкерчиликке жол бербөө керектигин эскертишүүдө

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы