ЖКККБда Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.


Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнинин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын начальниги милициянын полковниги Исраилов Азамат Бакирович жана ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамы катышты.

WhatsApp Image 2022 03 03 at 09.28.27 1 ЖКККБда Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү


Азамат Бакирович өз сөзүндө: Желек ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө жоопкерчилик сезимин, патриоттуулукту, Мекенге болгон сүйүүнү, биримдикке, ынтымакка, жаратман эмгекке умтулууну калыптандырган улуттук сыймыгыбыз жана символубуз экенин белгиледи.


Мамлекеттик туу – мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн атрибуттарынын бири, ар бирибиздин Мекенге болгон патриоттук сезимдерди чагылдырган символ. Мамлекеттик желек Кыргызстан элинин биримдигин чагылдырат. Улуу Манас атабыздын доорунан бери биздин желегибиз эркиндиктин символу катары муундан муунга өтүп келет. Ата-бабалардын мурасын ыйык тутуп, желегибиздин астында ынтымакта жашашыбыз керек. Тууну абайлап, бийик көтөрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Желегибиз ар дайым бейпил асманда сыймыктануу менен желбиреп, Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгүп өссүн.

WhatsApp Image 2022 03 03 at 09.28.27 2 ЖКККБда Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү
Мамлекеттик туу – мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн атрибуттарынын бири, ар бирибиздин Мекенге болгон патриоттук сезимдерди чагылдырган символ. Мамлекеттик желек Кыргызстан элинин биримдигин чагылдырат. Улуу Манас атабыздын доорунан бери биздин желегибиз эркиндиктин символу катары муундан муунга өтүп келет. Ата-бабалардын мурасын ыйык тутуп, желегибиздин астында ынтымакта жашашыбыз керек. Тууну абайлап, бийик көтөрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Желегибиз ар дайым бейпил асманда сыймыктануу менен желбиреп, Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгүп өссүн. Бул өзгөчө күнү сиздерге чың ден соолук, башыңыздарда бейпил асман жана бакубатчылык каалайбыз! Кыргызстандын келечеги кең болсун!
Бул өзгөчө күнү сиздерге чың ден соолук, башыңыздарда бейпил асман жана бакубатчылык каалайбыз! Кыргызстандын келечеги кең болсун!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы.