NEXT телеканалына “улуттар аралык кастыкты козутту” деген негизде кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жергиликтүү NEXT телеканалына “улуттар аралык кастыкты козутту” деген негизде кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган канал “Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт” деген жалган кабарды Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берип, социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылды. Экспертиза бул маалыматта кастык козутуучу белгилер бар деп тапкан.

Кылмыш иши Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен каралууда.

NEXT телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал ар бир маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирди.

Буга чейин Юрий Поита аттуу “Фейсбук” колдонуучусу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин “Тажикстан жана Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр экенин” айтканын жазган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четке каккан.

 Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.