Кыргызстандын куралдуу күчтөрү чет өлкөлөрдөгү аскердик операцияларга катышпайт

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү чет өлкөлөрдөгү кандайдыр бир аскердик операцияларга катышуусу боюнча ар кандай божомолдорду толугу менен жокко чыгарат. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Республиканын бардык аскер бөлүктөрү өлкө аймагында.

Мамлекеттик чек арадан тышкары жерлерде аларды тартуу боюнча пландар жок.

Жарандардан расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүүнү министрлик суранды.