ИИМдин кызматкерлери окуучулар менен биргеликте мамлекеттик желектин 30 жылдык маарекесин белгиледи


Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылындагы “Достук” орто мектебинде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мамлекеттик желектин 30 жылдык майрамын белгилеп, мектеп окуучулары менен жолугушту.

WhatsApp Image 2022 03 03 at 12.26.34 1 ИИМдин кызматкерлери окуучулар менен биргеликте мамлекеттик желектин 30 жылдык маарекесин белгиледи


Жолугушууда жаш өспүрүмдөрдүн укук бузууларга жол бербөөсүн, кылмыштуулуктун алдын алуусу, ошондой эле мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Азыркы учурда мектеп окуучулары сабакка кош көңүл жасап, уюлдук телефондордогу оюндарга азгырылып, же болбосо интернет клубдарда убактысын коротуп, кылмыштуулукка аралашып кеткендиктен, ИИМден келген өкүлдөр бул багыт боюнча да профилактикалык түшүндүрүү иштерин өткөрүп, өздөрү даярдап келген видео тасманы көрсөтүп, талкууларды жүргүзүштү. Мектеп окуучулары тарабынан берилген суроолорго канааттандырарлык жоопторду беришип, мыйзам бузуудагы жаш өспүрүмдөрдүн жоопкерчиликтери боюнча кеңири түшүнүктөрдү беришти. Ошондой эле сабагынан жетишип, мектепте үлгү болуп окуган окуучуларга өздөрүнүн белектерин үйлөрүнө алпарып тапшырып, ата-энелерине ыраазычылыктарын билдиришти.


Кыргыз Республикасынын ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Баткен облусунда 2022-жылдын 1-6-мартына чейинки аралыкта иш сапары менен болушуп, милициянын участкалык уполномоченныйлары жана балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлоруна кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча сабактарды өтүүдө.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы