Парламент Украинадагы кырдаалды жабык эшик артында талкуулайт

Бүгүн, 3-мартта Минисрлер кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңешитин жалпы жыйынына келишти.

Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угат.

Депутат Равшан Сабиров менен Арсланбек Малиев маселени жабык эшик артында талкуулоону сунушташып, ал колдоо тапты.

Маалыматка ылайык, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев маалымат берет.

Бир нече күндөн бери Украина менен Россиянын ортосундагы кырдаал тынчыбай жатат.

Белгилей кетсек, Украина Кыргызстандагы элчилерин чакыртып алган. «Биз Кыргызстандан элчини чакырып, Украинага жасалган агрессияны актоо боюнча кеңешүү өткөрөбүз»,-деген өз кайрылуусунда Украина президенти Владимир Зеленский.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазып чыгышкан.