Дастан Бекешев: Туу майрамы кызыксыз болду

Жогорку Кенештин депутат Дастан Бекешев Ала-Тоо аянтындагы Мамлекеттик туу күнүнө арналган майрамга катышып, аны тасмага тарткан.

Эл өкүлү видеону Instagram баракчасына жарыялап, башкалар трибунанын жанында жан сакчылар менен отурганын көрсөткөн. Бекешов өзү болсо элдер менен кошо “Илбирс” имаратынын жанында турган.

Депутат туу майрамын “элдик” деп атоого кеңеш берди.

“Мен да Садыр Жапаров катышкан иш чарада болдум. Ал абдан кызыксыз болду. Бизде мамлекеттик протокол бар, ошону менен пайдаланып бир аз башкачараак кылса болмок. Мисалга алсак, бардык жарандарды балкондорунан чыгып желектерди желбиретсе же болбосо желекти ар бир жаранга беришсе болмок.

Ошондой эле инсталляция аркылуу “Ак үйгө” чагылдырып проект кылышса болот эле. Бардык жагдайда кызыктуу нерсе ойлоп тапса болот”, – деп жазды Бекешев.

YouTube video