Баткенде ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүрдү

Баткен шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери Баткен шаарынын маданият үйүндө шаар жашоочуларына маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чараларды жана башка үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери боюнча эл менен жыйын өткөрдү.

Бул жыйынга Баткен шаарынын 150 жакын жергиликтүү тургундары катышты.


Жыйынга Баткен шаарынын мэри И.Бурканов, Баткен ШИИБнын начальниги милициянын полковниги Ж.Канзаманов, Баткен шаардык имам-хатибинин орун басары Махмут ажы Курманбаев катышып, элге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытындагы чыккан Жарлыгын жарандарга жеткирип, маани-маңызын түшүндүрдү.

Whatsapp image 2022 03 03 at 10. 15. 38 1 баткенде ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүрдү


Ошондой эле, урп-адаттардын ашыкча ысырапкерчилиги элдин экономикалык жана социалдык жактан зыянга алып келе турганын түшүндүрүп, Баткен шаарынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна Баткен шаарынын казыяты жана мечиттин имам хатибтерижооп берди.

Whatsapp image 2022 03 03 at 10. 15. 38 баткенде ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүрдү


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы