
Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада сөзүн сүйлөп, тарыхка кайрылуу менен кыргыздын улуулугун белгилеп, андагы символдордун бири – желектин терең мааниси тууралуу айтты.
Ошондой эле чет элге чыгып кыргыз туусун бийик кармап, эл намысын коргоп жүргөн спортчуларга ыраазычылык билдирип, келечекте мамлекетке салым кошом деген жаштарга жол ачып берерин кошумчалады.
Урматтуу кыргызстандыктар!
” Мамлекеттик желегибиз Мекенибиздин сыймыгы, Кыргызстандын жүзү экенин эгерим эстен чыгарбайлы! Байрагыбыз бийик желбиресе, Мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!”.









