Ошто өспүрүм 5 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштап каза болду

Ош шаарында өспүрүм 5 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 23-февраль күнү саат 20:12де Ош шаарынын «Тез жардам» кызматы А.Шакиров көчөсүнүн беш кабаттуу 11-үйүнүн чатырынан кулап, 13 жашар баланын каза болгондугун билдирген.

Териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда 2008-жылкы өспүрүм аталган 5 кабаттуу үйдүн там башынан боюн таштап, каза болгондугу аныкталган.

Анын жанында болгон теӊтуштарынын айтымында, ошол күнү кечки саат 18:00 чамаларында каза болгон бала менен чогуу үйдүн чатырында отурган.