Бишкек мэриясы эки насыялык келишимдин негизинде 370 автобус сатып алат

Бул тууралуу 22-февралда калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Мэрдин айтымында, Азия өнүктүрүү банкы менен 50 миллион доллар бөлүү боюнча келишим түзүлгөн.

«Дагы 650 миң доллар инфраструктурага бөлүнөт. 25 миллион — бул женилдетилген насыя, 25 миллион 650 миң доллар — грант. Бул каражатка биз 120 электробус сатып алабыз. Насыянын шарттарына ылайык, 8 жыл жеңилдетилген мөөнөттө жылдык 1%, андан кийин 1,5% болот. Долбоордун алкагында автобустарды сатып алуудан тышкары инфраструктураны куруу — автобустарды кубаттоочу база даярдоо жана электр кубаты түгөнүп жолдо калган автобустарды алып келүү үчүн эвакуаторлорду сатып алуу каралган», — деди мэр.

Экинчи долбоор – Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын 33 миллион евролук насыясы. Бул сумманын 8 миллиону грант, 25 миллиону насыя болот. Макулдашууда үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт (1%) жана жалпы сумманын 1% түзгөн комиссия каралган.