Дастан Бекешев: Россияга карата болгон экономикалык санкциялар бизге да чоң зыянын берет

Россиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таануу боюнча Жарлыкка кол койгон соң, Евробиримдик даярдап койгон санкциялар ишке кире баштай турганы маалым. Россия менен Украинанын ортосундагы чыр Кыргызстанга кандай таасирин бериши мүмкүн? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев оюн билдирди.

“Ачыгын айтканда Владимир Путин өз өлкөсү үчүн көп айдалуу иштерди жасады. 21-кылымда биринчи болуп өз аймагын кеңейткен мамлекет болду. 2014-жылы Крымды алуу менен бул аракетти ишке ашырды. Азыр дүйнөлүк картаны Путин сызып жатат, анда эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган болсо да эки майда мамлекет пайда болду.

Батыш бул көрүнүштөргө негативдүү мамиле кылып жатканы түшүнүктүү. Биз да мындай кырдаалда кантип иш алып барып, кандай жолду тандап алышыбыз керек экенин аныктоо оор болот. Экономикалык жактан бизге өтө эле кыйын болот, анткени Россияга карата жасала турган санкциялар каалайбызбы жокпу өз кедергисин тийгизет.

Россияда иштеп жаткан мигранттардын акча которууларынан көз карандыбыз. Доллардын рублге карата наркы көтөрүлө берсе, жакын арада бизде да экономикалык жактан кыйынчылык байкала баштайт.

Тышкы саясат алкагында президент кандай жолду тандап аларын аныкташы керек болот. Прагматикалык жөнөкөй ой жүгүртсөк АКШ алыс Россия мамлекети бизге жакын. Мындан улам ушундай чечимдер болушу керек деп ойлойм”, – дейт Дастан Бекешев.