Алмаз Тажыбай: Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу бизден алыс эмес

Россия Украинанын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таанып эки өлкө ортосундагы мамиле чыңалып барууда. Батыштын Кремлге карата санкциялары Кыргызстанга да таасирин тийгизиши мүмкүнбү? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына саясат талдоочу Алмаз Тажибаев жооп берди.

«Россия түздөн-түз Украинага басып кирбейт, бирок ал өлкөнүн чыгышындагы сепаратисттик күчтөрдү колдоп Украинаны толугу менен көзөмөлдөөгө болгон күчүн жумшай берет.  

Түз агрессия болбосо да Россия Грузия менен Абхазияга чабуул кылгандай аракеттерге барып, сценарийлер дал ошого окшошушу мүмкүн. Жалпысынан алганда орустарга Украинанын кереги жок. Болгону ал мамлекетке күч колдонуп, өздөрүнүн коопсуздугу үчүн кызмат кылуусун каалап жатат.

Россия тарабынан сепаратисттик күчтөрдү колдоо улана бере турган болсо, орустарга каршы өтө коркунучтуу санкциялар жасалат. Өлкөнүн экономикасын бир топ кыйын абалга кептей турганы анык. Биз билгендей Россия Евробиримдиктен техника каражаттарынын 45%, химикаттардын 20% жана керектөө товарларынын 10% алып келет. Мындай мүмкүнчүлүктөр колдон чыгып кала турган болсо, Россиянын экономикасынын өнүгүүсү жана модернизациясы кечигет.

Өндүрүштүн кайсы бир түрлөрү такыр токтоп, жакырчылыктын көрсөткүчтөрү өсүп кетиши толук мүмкүн. Кыргыз мигранттарынын көп миллиондогон акча которууларынын агымы да кыскарып калат. Бул себептен сөзсүз түрдө биздин өлкөнүн ансыз да тайсалдаган экономикасына өз таасирин берет. Эгер мигранттар массалык түрдө артка кайта баштаса, жумушсуздук күч алып, кылмыштуулук да өсүп кетиши ыктымал.

Мындан улам Украинанын чыгышында болуп жаткан согуш же агрессия бизден алыс өтүп жатат деп айтууга болбойт. Россия менен Батыштын кармашынын бизге тиешеси жок деп айтууга болбойт. Биз жана биздин экономикабыз бул өлкө менен ЕАЭБ жана ЖККУнун алкагында тыгыз байланышта турат. Катаал санкциялар киргизилсе кыйын эле болот.

Россия Федерациясы “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” тааныган учурда, Корей жарым аралынын тарыхындагыдай болуп Украина чыгыш жана батышка бөлүнүп кетиши мүмкүн”, – дейт Алмаз Тажибаев.