Семетей Талас уулу экстремисттик материалдарды тараткан, – УКМК

УКМКнын басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды таратуу) боюнча Кыргыз Республикасынын С.Т. аттуу жараны кармалды.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн алып кетишкени кабарланган.