Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды


2022-жылдын 4-январь күнү Токмок ШИИБүнө 1971-жылы туулган Д.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 4 январь күнү анын контейнеринин эшигин талкалап, ичинен уюлдук телефон, планшет, алдын буюмарын жана 50 000 сом акчасын белгисиз адамдар тарабынан уурдап кеткенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

WhatsApp Image 2022 02 14 at 14.27.10 Токмок шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды


Чүй облусунун ИИББнын жана Токмок ШИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышке шектелип 2000-жылы туулган С.В., атту жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.


Ал эми кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.