Соодагерлерди алдап, 310 миң сомдук чыгымга учураткан жаран кармалды

Издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал соодагерлерди алдоо жолу менен 310 миң сомдук чыгымга учураткан


Кадамжай районундагы Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарындагы сатуучуларды алдап, издөөдө жүргөн жаран Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынан аныкталып кармалды.


Жалал-Абад облусунун тургуну кылмышка шектүү 49 жаштагы Т.Г. базарда соода кылган сатуучуларды алдап, мыйзамсыз иш-аракеттер менен алектенип келген. Тагыраак айтканда анын үстүнөн 12 арыз келип түшүп, арыздануучуларга жалпысынан 310 миң сом зыян келтирген. Тергөө иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлүп, шектүү сот жообуна тартылуудан качып, 3 айдан бери издөөдө жүргөн.


Азыркы кезде кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.


Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы