Алмазбек Бейшеналиев кайрадан билим берүү жана илим министринин милдетин аткарат

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн 14-февралда өкмөттөнкабарлашты.

Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Министрликти 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырган.