Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри дайындалды

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Бангончоков Мирлан Конушбекович дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында кабыл алынды.

«Байгончоков Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар департаментинин жана шаардык чарба департаментинин ишин шаардык булактардан шаардын жашоо тиричилигин камсыздоо тутумдарынын ишмердүүлүгүн каржылоо бөлүгүн координациялайт», — деп айтылат маалыматта.