Ирандын Ахваз шаарында эркек киши көп адам топтолгон аянтта 17 жаштагы аялынын башын алды.
Бул тууралуу «Иран Интернэшнл» маалымат агенттиги жазды.
Маркум күйөөсүнөн качып, Түркияга кеткен. Бирок анын атасы күйөө баласына жардам берип, кызын Иранга алып келүүгө жардам берген. Кайын ата менен күйөө бала бири бири менен жакын тууган экени белгилүү болду.
Келиндин башын алууга кылмышкердин бир тууганы жардам берген. Ага-ини окуя болгон күнү кармалышкан.
Полициянын маалыматына караганда, кылмышкер аялын үй-бүлөлүк көйгөйдөн улам өлтүргөнүн айтты. Бирок кандай көйгөй экенин тактаган жок.
Маркум келин 14 жашында бала төрөгөнү айтылып, бул окуя кылмышка себеп болушу мүмкүн деп каралууда.
Активисттер жана укук коргоочулар бул үрөй учурган окуя Иранда үй-бүлөгө жаман сөз тийгизгендиги үчүн колдонулган кадыресе көрүнүш экенин айтышты. Мисалы, Ирандын Конституциясына ылайык, күйөөсү аялын ойношу менен кармап калса, жубайын өлтүрүүгө укугу бар.
Тасманы тартып аткан адам дагы эч кабатыр эмес, тескерисинче кубанып жаткандай элес калтырат.