Саясатчы Равшан Жээнбековдун карындашы, мурдагы судья суракка чакырылды

Саясатчы Равшан Жээнбеков карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 7-февраль күнү сурак берип чыкты.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Мира Жээнбековага «коррупция» беренесинин негизинде иш козголгон.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын кабарлаган. Жээнбекова аталган айыптарды толук четке каккан. Ал эми Равшан Жээнбеков муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырып келет.