Садыр Жапаров Ош базарына барды

Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Ош базарында соодагерлер менен жолукту.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, президент Жапаров ишкерлер менен контролдук кассалык машинаны (ККМ) колдонуу боюнча жеринде кызуу диалог жүргүзүп жатат.

Соодагерлер менен жеринен жолуккан президент Садыр Жапаров алардын проблемаларын укту.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке кирди. Ага ылайык, ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.

Буга соодагерлер каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.