“Жумабеков өзүнүн тегерегине топтоп алган тааныш, туугандары менен кете берсин”, – Бейшеналиев

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна жаңы түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы директору болуп Гулия Кожокматова жана башкы дарыгери болуп Дамир Дүйшөнов дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Азыр министрликтин өкүлдөрү барып, жамаатка директор менен башкы дарыгерди тааныштырат. Жумабеков өзүнүн тегерегине топтоп алган тааныш, туугандары менен кете берсин», — деди министр.