Сабырбек Жумабеков Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары боюнча президентке кайрылуу жасады

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандары боюнча өзүнүн жообун айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап жатат.

Анын айтымында, буга чейин министрдин айткандары жалган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган.

Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп айткан.

Себеби, Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.