Исхак Масалиев: Байсаловдун айткандары боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгош керек

Парламенттин ишине Эдил Байсаловдун айткандары тоскоол кылат.

Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында депутат Исхак Масалиев билдирди.

“Бул Эдиль Байсаловдун сын-пикири Конституцияга туура келбейт жана ал аны бузган болот. Аткаруу бийлиги бул бир киши дайындаган киши. Ал эми депутаттарды эл шайлаган. Кызматын тапшырып, сын пикирин айта берсин.

Депутат ошондой эле Башкы прокуратураны Байсаловдун айткандары боюнча иш алып баруусу керек деп билдирди.