Эдил Байсалов: Бир да мамлекетте жума сайын жалпы жыйында чукул талкуу өткөрүлбөйт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аны сындап, кызматтан алууну талап кылган депутаттарга жооп берди. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Менин дарегиме сын айткан депутаттарыбыздын көбү жаңы Конституция менен жашап жатканыбызды түшүнө электей. Бир да мамлекетте, демократиясында да, коңшуларда да жума сайын жалпы жыйында чукул талкуу өткөрүлбөйт. Мен ошону айтайын дегем»,- деп жазды ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алып, аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.