Жогорку Соттун төрагалыгына сунушталган Замирбек Базарбековдун талапкерлиги колдоо тапты

Жогорку Соттун төрагалыгына сунушталган Замирбек Базарбековдун талапкерлиги парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан колдоого ээ болду. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.

Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Нургүл Бакирова жетектеп, 31-январда өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ал 2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы болуп шайланган.