Чек арадагы чыр-чатактар ар дайым болуп кетиши мүмкүн, – Ташиев

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, ошол эле мезгилде кооптуу да болушу мүмкүн.

Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда журналисттерге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ошол эле учурда анын чыр-чатакка айланып кетишине эч кандай кепилдик жок. Бүгүнкү күндө эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтып келишти», — деди ал.

Анын айтымында, чек ара маселелери чечилмейинче чек арадагы чыр-чатактар ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт, анткени талаштуу жагдайлар көп, деп кошумчалады УКМКнын башчысы.