
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору жана руданы казып алуу технологиясы менен таанышты. Андан соң алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштандылар топтолуучу калдык сактоочу жайдын абалын көрдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы экологиялык жана өнөр-жай коопсуздугунун так сакталышы, ошондой эле ишканадагы эмгектин корголушу зарыл экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында Жапаров кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда «Алтынкен» ЖЧК өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.

Маалым болгондой, Чүй облусунун жергиликтүү бийлик органдарына «Алтынкен» ЖЧКсына кызматкерлерди ишке алууда ортомчу уюмдардан кызмат көрсөтүүнүн баасын жогору баалагандыгы боюнча даттануулар түшүүдө. Жапаров мындай иш-аракетерге жол берилбеши тийиштигин белгиледи.
«Кызматка алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн катышуусунда таза жана ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.








