Унаа аял кишинин бутун басып калды

Аламүдүн районунда унаа аял кишинин бутун басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Рухий-Мурас жаңы конушунун Нооруз көчөсүндө турак үйдүн короосунда жеңил унаа 33 жаштагы С.Н аттуу аялдын бутун басып калган.

Жерине беш куткаруучу тартылып, аялдын бутун чыгарышкан.