Нариман Түлеев: Мэр болуу менин планымда да, өзгөчө каалоом да жок

Мурунку мэр Нариман Түлеев өзүнүн жеке баракчасында мэрлик сунуштагандарга пикирин билдирди:

«Мэрлик кызмат боюнча дагы бир жолу айтам, менин планым да, өзгөчө каалоом да жок, анткени азыр маанилүү жана жүрөгүмө жакын маселелер менен алек болуудамын. Жашоодо негизгиси саясат жана кызмат эмес», — деп жазат Түлеев.

«Акыркы кездери менин Бишкектин мэри болум келип жатканым тууралуу кептер көп чыгып, а түгүл айрымдар чалып да сурап жатышат. Ушактарга маани бергим келген эмес.

Ал эми Атай Бейшенбек мени бул маселе боюнча дебатка да чакырды. Бирок, тилекке каршы Кыргызстанга 2 айдан бери келе элекмин, февралдын экинчи жарымында келем. Мен талкуудан качпайм», — деген ал.