Ош шаарынан Баткенге дарыгерлерден турган эки бригада жөнөтүлдү

Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаалдан улам Ош шаарынан Баткенге дарыгерлерден турган эки бригада жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

«Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү. 10 «Тез жардам» бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.

Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди.

Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат», — деп жазылат билдирүүдө.