Тажикстан аскерлери ок чыгарууну улантууда. Алардын чабуулдарынан кыргыз жаранынын үйү өрттөнүп кетти

УКМКнын чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, саат 22:18 де УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – чек ара кызматынын директору, генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажикстан республикасынын УКМК чек ара аскерлеринин башчысы генерал-полковник Ражабали Рахмонали ортосунда экинчи телефон аркылуу сүйлөшүү жүрүп, ок атууну токтотуу маселеси талкууланды.

Уланбек Шаршеевдин айтымында тажик тарап ок атууну токтотпой жатат, андан сырткары чек арага оор аскердик техникасын жана өздүк курамды тартууда. Саат 23:00гө карата тажиктердин аскер кызматкерлери маал-маалы менен кыргыз аскерлеринин позицияларын аткылап жатышат.

Атышуулар Эки-Таш, Кум-Базар жана Чыр-Дөбө айылдарында уланып жатканы белгиленди.

Тажик тарап Кыргызстандын аскерлери жайгашкан жерди миномет менен атып жатканы жана Көчө-Бою аймагында тажик аскерлеринин ок чыгарууларынан кыргыз жаранынын үйү өрттөнүп кеткени айтылды.