Кыргызстандын 4 аскер кызматкери жарадар болду

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы тажик агрессиясынан Кыргызстандын 4 аскер кызматкери жарадар болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги: Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбековдун ыкчам маалыматы боюнча, Баткен облустук бириккен ооруканасына Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки тез жардам унаасы менен төрт жаракат алган (аскер) Көк-Таш айылынан алынып келинүүдө.

Жарааттарынын түрү: сынган бөлүкчөлөрдөн алган жараат.

Азырча  аскерлердин өздүгү айтыла элек.

Тажик тарап 19:30да тынчтануу боюнча сүйлөшүү жүргөнүнө карабай, ок чыгарууну кайра баштаган.

Атайын даярдалган минеметтер менен чек ара заставаларын, электр чубалгыларын аткылаган.

Ошол эле учурда Тажик ММКлары тажик аскерлери арасында дагы жаракат алгандар бар экендигин жазууда.