Баткенде Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда жарык өчтү

 Бүгүн кечинде кыргыз-тажик мемлекеттик чек арасында абал курчуганынын кесепетинен Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан Орто-Боз аба чубалгысы үзүлүп, бир нече айылда жарык өчтү.

Бул тууралуу “Ош электр” ишканасы билдирди.

Учурда Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары электр энергиясыз калды.

“Азыркы кырдаалга байланыштуу ремонт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Абал турукташканда Баткен райондук электр тармактарынын кызматкерлери аба чубалгыны оңдоп, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүгө даяр”, — деп жазылган маалыматта.