Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында жол ачылганы айтылган.
Бирок жергиликтүү тургундардын билдиргенине караганда, учурда ок атыла баштады.
Болжол менен аскрелер тарабынан ок атылып жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчөнү тосуп алышканын жергиликтүү тургундар кабарлаган.