Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакта жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарымбаев соттун чечими менен эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каты менен абактан чыгарылды.

Эске салсак, ал «Кумтөр» иши боюнча УКМК тарабынан кармалган.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.