Садыр Жапаров “Индия — Борбор Азия” алгачкы саммитине онлайн катышат

Эртең, 27-январда президенти Садыр Жапаров Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия — Борбор Азия” Диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.

Саммитке ошондой эле Казакстандын,Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенти да катышат.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.