Токмокто гараж күйүп кетти

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин көчөсүндө жалпы аянты 68 чарчы метр бастырма жана гараж толугу менен күйүп, май куюучу 10 челек күйүп кеткен.

Өрттүн кесепетинен 53 жаштагы Ж.Т. аттуу эркек киши колунан жана бетинен жеңил күйүк алган.

Учурда жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.