Төкмө акындын жубайы Нурзат Назарова: Болот эч кандай баңгизат колдонбойт

Болот Назаровдун жубайы Нурзат Назарова Булак кж редакциясына берген маегинде жолдошу буга чейин эч кандай баңгизатын колдонгон эмес.

“Болот менен баш кошконума тогуз жыл болду. Ал эч кандай баңгизатын колдонгонун көргөн эмесмин. Ошондой эле ал акыркы күндөрү жумушу тууралуу ар кандай коркутуулар болуп жатканын айткан. Болот жумушунун баарын бизге айтчу эмес. Бизге кедергиси тийип калат деп эсептечү”- деди жубайы Нурзат.

Эске салсак, Болот Темировдун командасында иштеген Болот Назаров баңгизаты менен кармалган.Аанын канында баңгизатты колдонгон деген аныктама чыккан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы брифингде иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын төкмө акын, комузчу Болот Назаров менен байланышы тууралуу билдирди. Анын айтымында, баңгизатка байланыштуу төкмө акын Назаровго каршы жазылган арызда Temirov LIVE каналынын кеңсеси көрсөтүлгөн.

Акын Болот Темиров Наркологиялык диспансерде учетто турбайт.