Камчыбек Ташиев: “Иниме мандатты тапшырып бер деп айттым”

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев № 14 Жалал-Абад шайлоо округунан шайланып келген.


Шаирбек Ташиев жакынкы күндөрү депутаттык мандатын тапшырып берет. Бул тууралуу агасы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда айтты.


УКМКнын төрагасынын айтымында, мындай чечим мурдагы жетекчилердин катасын кайталабоо максатында кабыл алынган.


“Коомдогу сын-пикирлерди угуп жаткан соң мен инимди чакырып бир үйдөн бир эле саясатчы чыксын. Сен мандатыңды тапшырып бер деп айттым. Ал парламенттин шаршемби күнкү жыйынында депутаттыктан баш тартат. Буга чейинки жетекчилердин жакындарын аралаштырып жүргөнүн көргөнбүз. Аны кайталабай, азыр саясатта мен эле болушум керек. Мен кызматтан кеткенден кийин иним каалаган кызматына келип иштей берсин”, — деди Ташиев.


Эске салсак, УКМК төрагасынын бир тууган иниси Шаирбек Ташиев № 14 Жалал-Абад шайлоо округунан шайланып келген.