
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык ооруканасында иштеген эркек акушер-гинеколог коркутууга кабылды.
Маалыматка ылайык Кара-Көл шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштеген дарыгер-ординатор, акушер-гинекологду жергиликтүү жети-сегиз жаран коркутууга алган. 27 жаштагы дарыгер Ш.Ж. арыз менен милицияга кайрылган.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы дарыгер арыз менен кайрылганын, териштирүү иши башталганын кабарлады.